Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Кыргызстанда электр энергиясын өчүрүү токтоду, – министрлик
10.03.2024 | 09:44
Кыргызстанда 8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөгөн.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 млн кВт. с. чейин жеткен”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар