Кыргызстанда электр шаймандарын жана турмуш-тиричилик техникасын чыгаруучу технологиялык парк куруу пландалууда

09.02.2026 | 10:39

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын «Миньшан» компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инвесторлор республикада жаңы өнөр жай кластерин түзүү боюнча долбоорду сунушташты.

Кытайлык компания аз көмүртектүү технологиялык индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоордун бет ачарын өткөрдү. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты электр шаймандарын, анын ичинде турмуш-тиричилик техникасын чыгаруу болмокчу.

«Миньшан» компаниясынын өкүлдөрү мындай индустриалдык парктарды курууда чоң тажрыйбага ээ экенин жана эми Кыргызстандын аймагында ушундай эле аянтчаны түзүүнү көздөп жатышканын баса белгилешти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди. Өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн мамлекет компанияга керектүү көмөк көрсөтүүгө даяр экени белгиленди.

Scroll to Top