Кыргызстанда эмгек акысы жогорулаган тармактар аталды
Былтыркы жылдын декабрь айында 2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу номиналдык жана реалдуу эмгек акынын өсүш арымы байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
2022-жылдын январь-декабрында орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин өсүшү экономикалык иштин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.
Эң олуттуу өсүш төмөнкү тармактарда байкалган:
– искусство, көңүл ачуу жана эс алуу чөйрөсүндө – 72,1%;
– саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө -49,4%;
– билим берүү — 44,5%;
– милдеттүү социалдык камсыздоо – 35,2%;
– кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк – 26,9%;
– административдик жана көмөкчү иш – 25,6%;
– мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү – 23,8%;
– кен казып алуу — 23,8%;
– транспорттук иш жана товарларды сактоо – 23,1%;
– дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо – 21,6%;
– курулуш — 21,4 пайыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз