Жумгалдын тургундары акимдин иштен алынышына нааразы, — депутат

Жумгалдын тургундары акимдин иштен алынышына нааразы, — депутат

Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары акимдин иштен бошотулушуна нааразы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Эл өкүлү жакында эле акимдин бошотулушуна каршы болгон Жумгал районунун тургундарынан 10дон ашуун кайрылуулар келгенин маалымдап, райондордун акимдерин дайындоо жана бошотуу критерийлерине кызыкты.

 “Тургундар иштеп жаткан акимди кызматтан алып койду деп нааразы болуп жатышат. Алар акимдин кандай критерий менен алынганын сурап, жерине президенттин келишин талап кылышууда”, — деди депутат.

Мындан тышкары, Мирлан Самыйкожо Бюджеттик кодексти парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизүүнү өкмөт 2 айга кечиктирип жатканын сындап, бул мыйзам бузуу экенин айтты.

Ошондой эле, депутат борбордогу гезит дүкөндөрүн алып салуу чечимин туура эмес деп мүнөздөдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>