Кыргызстанда эмгек акысы жогорулаган тармактар аталды

Кыргызстанда эмгек акысы жогорулаган тармактар аталды

Былтыркы жылдын декабрь айында 2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу номиналдык жана реалдуу эмгек акынын өсүш арымы байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2022-жылдын январь-декабрында орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин өсүшү экономикалык иштин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Эң олуттуу өсүш төмөнкү тармактарда байкалган:

— искусство, көңүл ачуу жана эс алуу чөйрөсүндө — 72,1%;

— саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө -49,4%;

— билим берүү — 44,5%;

— милдеттүү социалдык камсыздоо — 35,2%;

— кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк – 26,9%;

— административдик жана көмөкчү иш — 25,6%;

— мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү — 23,8%;

— кен казып алуу — 23,8%;

— транспорттук иш жана товарларды сактоо — 23,1%;

— дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо – 21,6%;

— курулуш — 21,4 пайыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>