«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келген
Кыргызстанда эң жогорку маяна төлөнгөн аймак аталды
28.04.2023 | 08:30
2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 30 миң 93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Ошол эле учурда республикада эң аз айлык алгандар Ош облусунда, орточо айлык акы 23,2 миң сом деп белгиленген. Мында эң жогорку орточо эмгек акы Ысык-Көл облусунда белгиленген – 37,2 миң сом.
Мындай көрүнүш Жети-Өгүз районунда жайгашкан Кумтөр кен ишканасына байланыштуу пайда болду. Айтмакчы, дал ушул райондо орточо айлык 84 миң сомдон ашат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз