Ошто сууга кулап кеткен унаанын жүргүнчүсү изделүүдө

Ошто сууга кулап кеткен унаанын жүргүнчүсү изделүүдө

Ош облусунда сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсү изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымындагы Күйүк тилкесинен УАЗ үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

С. уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочусу өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Жерине издеп-куткаруу иштерине райондук №66 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган.

Буга кошумча саат 12:40та Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, ИИМден 6 кызматкер издеп жатышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>