Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстанда эртеңден баштап аба ырайы төмөндөп, жаан жаайт
28.07.2022 | 13:24
Кыргызстанда 29-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-июлда Чүй облусунун айрым райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.
30-31-июлда абанын температурасы 5 градуска төмөндөп, өлкө боюнча жамгыр жаашы күтүлөт.
Түштүк аймактарда абанын температурасы күндүз +35, түнкүсүн +25, 31-июлда күндүз +33, түнкүсүн +22 градуска чейин жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз +26, түнкүсүн +14.
Талас облусунда абанын температурасы +29, Чүй облусунда +31 градуска чейин жылыйт.
Бишкек шаарында 30-июлда күндүз +33, түнкүсүн +21 градус жылуу болушу күтүлөт. 31-июлда күндүз +31, түнкүсүн +20.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом