Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан мугалимдерге жолукту

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан мугалимдерге жолукту

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Ысык-Көлдөгү мугалимдердин «Санат» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алып жаткан мугалимдер менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жолугушуу учурунда президент билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, бул тармакта эмгектенгендердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасалып жатканын белгилеген.

Аны менен бирге президент «Санат» борборуна 1 миң орунга эсептелген кошумча имарат салынарын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>