Кыргызстанда жылкынын эти 4,1%га, же 16,84 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алсак, февраль айында жылкы этинин орточо баасы 403,4 сом болсо, 7-мартка карата 420,28 сомду түзгөн. Өсүш Бишкекте эттин өздүк наркынын дароо 23,02 сомго кымбатташына байланыштуу.
Кошумчалай кетсек, койдун эти 3,76 сомго, уйдун эти 2 сомго кымбаттаган.