Ызгаардуу суукта автоунаа менен саякаттаган Түркменов

Ызгаардуу суукта автоунаа менен саякаттаган Түркменов

Кыргызстандын жарандары дүйнөнүн булуң бурчунда иштеп, ийгиликке жеткендер аз эмес. Алардын бири Мирлан Түркменов. Ал бир топ жылдардан бери Якутиянын Якутск шаарында үй-бүлөсү менен турат.

Түркменовдун башкалардан өзгөчөлүгү өтө суук аймактарды автоунаа менен саякаттайт. Ал жакынкы арада материктин эң түндүктөгү шаарчасы Тиксиге барат. Reporter.kg Түркменовдун саякаты тууралуу сурап көрүү үчүн аны кепке тартты.

Эмне үчүн саякатоо үчүн кышты жактырасыз?

— Учурда Якутияда, Якутск шаарында турам. Баарыңар билгендей Якутия өзгөчө суук жер, бирок сууктугуна карабай якут эли ачык, меймандос калк, түрк группасына кирет. Көпчүлүк сөздөр окшош, сан бирдей.

Саякаттын бардык түрүн жакшы көрөм, Якутиянын ичинде ызгардуу жана экстремалдуу кышы аябай көңүлүмө төп келет, мындай катуу суукта адамзат жаратылыштын алдында канчалык чыдамкай экенин билсе болот.

Тикси шаарчасы тууралуу айтып берсеңиз? 

 «Тиксиге барууга даярданып жатам. Ал Якутия деңиз дарбазасы деп аталат. Андан соң Русское-Устье деген айылга барам, бул айылда эски старорусы деген калк жашайт. Бул түндүктүн жетүүгө кыйын болгон жерлеринде жайгашкан. Аталган жерлерге автоунаа кыш мезгилинде гана бара алат, себеби жайында жерлер саз жана көптөгөн көлмөлөр, дарыялар бар болгондуктан жол жок. Аталган жерлерге кышында гана жетүүгө мүмкүн. Анткени Якутияда кыш аябай катуу, суулар тоңгондо тракторлор менен кар сүрүлүп, жол ачылат. Бул жол «зимник» деп аталат.

Ошондой эле бул саякатым мен үчүн аябай маанилүү, мен ошол жерлерге жеткен биринчи кыргыз болом, бул мен үчүн сыймык жана жоопкерчилик.

Кыргызстандын жаратылышы сизди канааттандырабы?

— Жай мезгилинде биздин Кыргызстандын жаратылышына эч бир жер жетпейт. Мен муну 100 пайыз далил менен айта алам.

Эмне үчүн саякатоого автоунааны тандадыңыз?

— Саякат үчүн автоунаа тандаганыбыздын эң алгач себеби, үй-бүлөм менен көп саякаттайбыз, арктикадан башка жактарга үй-бүлөм менен барам.

Көп адам саякатка деле кызыга бербейт, сиздин бул жаатта кызыгууңузга эмне түрткү болду эле?

— «Көп окуган көптү билбейт, көптү көргөн көп билет» дегендей, негизи адам баласы билимге жана жаңы ачылыштарга умтулган жан. Анан мен кичинекейимден саякат тармагына теле жана журнал окуп аябай кыялданчумун. Адамда биринчи кыял болуш керек, кыялың орундалышы үчүн максат коюп, анан ошол максатка карай кыймылдаш керек.

Инстаграмдагы блогдоруңуз тууралуу айтсаңыз?

— Мен алгач медиа тармактан алыс болчумун, анан социалдык тармактар аркылуу көптөгөн кыйын саякатчылар менен таанышып, соцтармакка өзүмдүн мамилемди өзгөрттүм. Анткени соцтармактын жардамы аябай көп, эгер туура пайдалансаң.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>