Чүй: Электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

Чүй: Электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

Панфилов райондук электр тармагынын (РЭТ) кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов РЭТинин кызматкерлери «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери КР Н.К. аттуу жарандан 97 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө  каралган Опузалап пара алуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-мартында Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭТинин ага инспектору К.Ж.К. кармалды.

Ал УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>