Жогорку Кеңеш улуттук салттарга ылайык балдардын фамилиясын жана атасынын атын тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен Үй-бүлө кодексине жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү жактырды.
Мыйзам долбоору баланы каттоодо ата-энелерге бир нече жаңы вариантты сунуштайт:
Атасынын аты боюнча: Фамилияны эркек балдарга «уулу», ал эми кыз балдарга «кызы» деген сөздөрдү атасынын атына кошуу менен түзсө болот. Бул учурда балага атасынын аты (отчество) өзүнчө жазылбайт.
Чоң атасынын аты боюнча: Фамилия катары эч кандай мүчө уланбастан чоң атасынын атын алса болот. Мында ата-эненин каалоосу боюнча атасынын атын кошумча жазса болот.
Чоң атасынын атына «тегин» деген сөздү кошуу менен: Фамилияны чоң атасынын атына «тегин» деген сөздү («уруусунан», «тукумунан» дегенди билдирет) кошуу менен түзүүгө болот. Ал эми атасынын аты катары жөн гана өзүнүн атын же ага «уулу», «кызы» деген сөздөрдү кошуп жазууга уруксат берилет.
Эми мыйзам Президентке кол коюуга жөнөтүлөт, андан кийин өзгөртүүлөр күчүнө кирет.