Кыргызстанда Гагариндин космоско учканынын 65 жылдыгына арналган «Жылдыздарга жол» фестивалы башталды
Кыргызстанда 7-апрелден 15-апрелге чейин масштабдуу «Жылдыздарга жол» агартуу фестивалы өтүүдө. Иш-чара адамзаттын космоско алгачкы жолу учканынын 65 жылдыгына арналган жана республиканын космос тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын эске салууга багытталган.
Уюштуруучулар фестивалдын аталышы бекеринен тандалбаганын белгилешет: Салижан Шарипов менен Сергей Корсаковдун космоско болгон жолу дал ушул Кыргызстандан башталган. Ошондой эле бул жерде СССРдин биринчи космонавттар отрядынын мүчөлөрү Валентин Варламов жана Марс Рафиков, андан тышкары Андриян Николаев жана Монголия менен Индиядан келген космонавттар билим алышкан. Республикага Юрий Гагарин, Валентина Терешкова жана Алексей Леонов бир нече ирет келип кетишкен. Мындан тышкары, Бишкекте (ал кездеги Фрунзе шаарында) Айды, Чолпонду жана Марсты изилдөө үчүн уникалдуу аппаратуралар жасалган.


Фестивалдын ардактуу коногу — Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт, Россиянын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов болот. Ал жаштар менен жолугушуу үчүн Бишкек, Ош, Ноокат, Араван шаарларына жана өзүнүн кичи мекени Өзгөнгө барары пландалууда.
Программа өлкө тургундары жана коноктору үчүн көптөгөн билим берүүчү жана маданий иш-чараларды камтыйт:
- 8-апрель (саат 16:00, КОСУ): «Абдан илимий иштер» («Очень научные дела») илимий-популярдуу шоусу. Уюштуруучулар (КОСУ жана С.П. Королёв атындагы Самара университети) мектеп окуучуларына илим жана технологиялар тууралуу кызыктуу формада айтып беришет.
- 9-апрель (саат 14:30, Эркиндик бульвары менен Чуйков көчөсүнүн кесилиши): «Кыргызстандын космостук феномени» көчө көргөзмөсүнүн ачылышы. Экспозиция космонавттардын республика менен байланышы жана жергиликтүү илимдин космосту өздөштүрүүгө кошкон салымы тууралуу баяндайт. Көргөзмө май айына чейин уланат.
- 10-апрель (саат 15:00 жана 18:00, «Сейтек» улуттук балдар борбору): «Жылдыздарга жол» таанып-билүүчүлүк концерттери. Космонавтиканын тарыхы белгилүү артисттердин жана балдар жамааттарынын катышуусундагы жаркын чыгармачылык номерлер аркылуу тартууланат (кирүү чакыруу билеттери менен).
Фестивалдын алкагында КОСУда космос тармагынын ардагерлерин сыйлоо, «Жылдыздуу диктант» акциясы, «Космостук Инноцех» кесипке багыт берүүчү оюну, Ош шаарында жалпы шаардык «Космостук бум» квести, ошондой эле мектептерде жана ЖОЖдордо лекциялар менен викториналар өткөрүлөт.