БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Балдардын аң-сезимине экологиялык тарбия. Илбирс тууралуу мультфильм тартылды
26.09.2025 | 15:46

Кыргыз тилинде «Илбирс. Мөңгүдөгү издер» аттуу анимациялык мультфильм тартылды. Ал NABU Кыргызстан уюмунун колдоосу менен «Central Asia Film» студиясы тарабынан режиссёр Айбек Дайырбековдун жетекчилигинде даярдалган.
Мультфильм илбирстин жашоо чөйрөсү, мыйзамсыз аңчылык жана экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырып, сейрек жаныбарды сактоо маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт.
Жабык көрсөтүү Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, Кыргыз тил күнүнө арналды. Катышуучулар мультфильмдин кыргыз тилинде тартылганын, балдардын аң-сезимине оң таасир этерин белгилешти.
Учурда мультфильмди жалпы коомчулукка көрсөтүүгө даярдоо иштери жүрүп жатат.