Кыргызстанда калктын саны жыл башынан бери 70 миң адамга, же 1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
1-августка карата калктын саны 7 млн 231 миң адамды түзгөн.
Калктын өсүү жагынан Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары алдыда, ал эми Бишкек менен Ысык-Көл облусу артта турат.