Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Таластын Көпүрө-Базар айылында 98 млн сомго жаңы оорукана салынууда
04.10.2024 | 13:25
Таластын Көпүрө-Базар айылында жаңы оорукана салынып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оорукананын курулушу быйыл июнда башталып, келерки жылы аяктайт деп пландалууда. Анын курулушуна 98 млн сом бөлүнгөн.
Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашат.
Көпүрө-Базардын тургундары жана жакын жайгашкан айылдардын тургундары ооруканага келип, дарыгерлерге көрүнө алат.
4-октябрда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев оорукананын курулушу менен таанышты.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом