Кыргызстанда КММдин кымбатташы Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

07.04.2026 | 19:48

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасынын өсүшү дүйнөлүк тенденцияларга жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто Brent маркасындагы мунайдын баасы кескин көтөрүлүп, 1,7–1,8 эсеге өстү. Бул глобалдык өзгөрүүлөр Кыргызстандын ички рыногуна сөзсүз таасирин тийгизет, анткени өлкө мунай продуктуларына болгон муктаждыгын өз алдынча жана толук көлөмдө жаба албайт.

«Кыргызстан ички керектөөнү толук камсыз кыла албагандыктан, биз дүйнөлүк тенденциялардан четте кала албайбыз. Биздин компаниялар мунай продуктуларынын басымдуу бөлүгүн Россия Федерациясынан сатып алышат. Учурда ал жакта да баалар орточо эсеп менен 300 долларга өстү. Айрым учурларда андан да жогору болууда. Мисалы, дизель майынын баасы бүгүнкү күндө 1200 доллардан ашып кетти», — деп түшүндүрдү Канат Эшатов.

Эксперт белгилегендей, мунай продуктуларын импорттоочу өлкө катары Кыргызстан эл аралык рыноктогу баалардын өзгөрүшүнөн (кубулмалуулугунан) ар дайым көз каранды бойдон кала берет.

Scroll to Top