Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды. Алар коронавирустан айыккандар. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бейтапканадан чыгарылгандар Ош облусу — 5, Жалал-Абад ш. – 5. Бардыгы болуп ушул учурга чейин 54 бейтап айыгып чыкты.
Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам. Ал эми илдетти жуктургандардын жалпы саны 377.