Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 100 миңден ашты
15.05.2021 | 13:14
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 404 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 5117 кишиден ПЧР тест алынган.
Илдет аныктылгандар:
Бишкек шаарында – 294;
Ош шаарында – 4;
Чүй облусунда – 65;
Ош облусунда – 2;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 9;
Ысык-Көл облусунда – 20;
Жалал-Абад облусунда – 9;
Баткен облусунда – 0.
Ошондой эле инфекция 12 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 349 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 100 миң 249 адамдан аныкталды. Анын ичинен 93 миң 302 бейтап айыгып, 1 миң 695 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар