Кыргызстанда коронавирустан 3 адам көз жумду

Кыргызстанда коронавирустан 3 адам көз жумду

Соңку суткада коронавирустан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинен Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1  адам көз жумган.

Ошондой эле бир күндө 379 адамдан илдет аныкталган. 

“Бишкек шаарында 120 кишиден, Ош шаарында 8, Чүй облусунда 98, Ош облусунда 11, Талас облусунда 10, Нарын облусунда 7,  Ысык-Көл облусунда 81, Жалал-Абад облусунда 29,  Баткен облусунда 15 адамдан илдет табылды”, – деп билдиришти штабдан. 

Мындан тышкары соңку суткада 527  адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. Муну менен коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын жалпы саны 76391ге жетти. Анын ичинен 68 894 адам сакайган. 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдеттен Кыргызстанда 1306 адам көз жумду.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>