Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам көз жумду

Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам көз жумду

Соңку суткада коронавирус илдетинен 2 кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка караганда Талас облусунда 1, Бишкек шаарында 1 киши көз жумган. 

Ошондой эле бир күндө 230 адамдан илдет табылган. 

“Бишкек шаарында 71 кишиден,  Ош шаарында 4, Чүй облусунда 71,  Ош облусунда 24,  Талас облусунда 6, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 36,  Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 9 адамдан коронавирус табылды”, — деп айтылат штабдын маалыматында.   

Ошондой эле, соңку суткада 261 адам сакайган.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 79 659га жетип, анын ичинен 73 561 адам сакайды. 

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1337 кыргызстандык көз жумду. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>