Кыргызстанда курал саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат

Кыргызстанда курал саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат

Кыргызстанда жакын арада курал-жарак саткан ишканалар менен дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул чара Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу коомдук тартипти сакташ үчүн кабыл алынды. Анын алкагында ички иштер органдарынын
кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн куралдарды, ага тиешелүү документтерди текшеришет.

Бардык жеке күзөт, кайтаруу агенттиктери, аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, мергенчилерге аңчылык кылууга берилген куралдар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксат берүүчү документтер да убактылуу токтотулат.

Кыргызстанда VII чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>