Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо. Жаңы үмүт, жаңыча ыкмалар
2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо – Кыргызстан үчүн кадимки шайлоо процессинен алда канча кеңири мааниге ээ болуп жаткан сыяктуу. Бул окуя өлкөдөгү саясий трансформациянын жана эл менен бийликтин өз ара ишеним мамилесинин сынагы катары каралып жатат. Бул макалада биз шайлоонун себептери, уюштуруу механизмдери, эл аралык практикадагы үлгүлөр менен салыштыруулар жана жарандык жоопкерчилик жөнүндө кенен токтолобуз.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо эмне үчүн керек болду?
Кыргызстандын Конституциясы боюнча, Жогорку Кеңештин мөөнөтү беш жылды түзөт. Аталган мөөнөт 2026-жылы аякташы керек эле. Бирок 2025-жылы шайлоонун мөөнөтүнөн мурда белгилениши, расмий булактардын маалыматына караганда, өлкөдөгү саясий жаңылануу муктаждыгына байланыштуу болгон. Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда бул шайлоо “элдин үнүн кайра угууга мүмкүнчүлүк берүүчү этап” экенин айтып, парламентти жаңылоо, жоопкерчиликти жогорулатуу жана мамлекеттик институттарды күчтөндүрүү максатын белгилеген.

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз билдирүүсүндө шайлоонун эрте өтүшү саясий балансты кайра бөлүштүрүү, парламент менен президенттик институттун ишмердүүлүгүн шайкештештирүү, ошондой эле соңку коомдогу саясий стабилдүүлүктү сактоо экенин кыйыткан.
Жаңыча шайлоо процесси – биометрика, аралыктан добуш берүү, автоматташтыруу жана коопсуздук
Бул шайлоонун өзгөчөлүгү техникалык жактан жогорку деңгээлде уюштурулууда. Алгачкы жолу 2015-жылы киргизилген биометрикалык идентификация жана автоматтык эсептөө урналары 2025-жылдагы шайлоодо да активдүү колдонулат.

Шайлоочу тилкеге келгенде, ал өзүнүн манжа изи же биометрикалык маалыматы аркылуу таанылып, ошол эле жерде бюллетень алат. Добуш бюллетени урнага ташталгандан кийин атайын электрондук эсептөө тутуму аны дароо каттайт.
Мындай система – шайлоо процесстериндеги бурмалоолорду азайтуу, кол менен эсептөөдөгү катачылыктарды жокко чыгаруу, натыйжаларды ыкчам жарыялоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Бирок бул жерде дагы суроолор жаралууда, шайлоо техникасынын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана программалык камсыздоонун ачык-айкындыгы боюнча жарандык коом, айрым байкоочулар дагы эле тынчсызданууда. Бирок бийлик, анын ичинде мамлекет башчы Садыр Жапаров “бул жолу таза шайлоо болот, ал эми Камчыбек Ташиев “Биз мурункулардын катасын кайталабайбыз” деп убада берүүдө.

Добуш сатуу — шайлоонун эң чоң коркунучу
Кыргызстандагы шайлоолордун эң алсыз жери добуш сатып алуу көрүнүшү болчу. Соңку шайлоолордо бул маселе боюнча ондогон фактылар катталып, кээ бир талапкерлердин, партиялардын каттоосу жокко чыгарылган. Президент Садыр Жапаров 2025-жылдагы шайлоодо бул көрүнүш менен күрөш жарандардын жоопкерчилигине жараша болоорун баса белгиледи.
“Мамлекеттик органдар шайлоонун баарын көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан добуш саткандарды эл өзү токтотушу керек. Таза шайлоо – таза келечек,” — деди ал.
Бул билдирүү шайлоодо административдик ресурстан тышкары, элдин өзүнүн аң-сезимдүү тандоосу эң чоң роль ойной турганын көрсөтөт.

Ким депутат боло алат? Шайлоочунун тандоосу кандай өзгөрөт?
Жогорку Кеңешке талапкер болуу үчүн Конституцияда так талаптар көрсөтүлгөн:
- Кыргыз жараны болушу;
- 25 жаштан жогору;
- Жогорку билимдүү;
- Мамлекеттик тилди билген;
- Акыркы беш жылда өлкө аймагында жашаган.
Эң башкы өзгөрүү — эл шайлоого болгон мамилесин өзгөртүүгө тийиш. Социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, акыркы жылдары шайлоого катышуу көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Себеби эл шайлоонун тагдыр чечүүчү маанисине ишенбей калган. Бул жолу ишенимди калыбына келтирүү үчүн шайлоо таза өтүшү керек.
Аралыктан добуш берүү: чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн мүмкүнчүлүк
Кыргызстандын 70тен ашык өлкөдөгү элчиликтеринде атайын шайлоо тилкелери ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөдө болжол менен 700 миңден ашуун кыргызстандык жаран жашайт. Алар да добуш берүүгө укуктуу. Эскерте кетсек, кечээ Египеттин Каир шаарында да шайлоо тилкеси ачылып, кыргызстандыктар шайлоодо добуш берсе болору айтылды.
Бирок онлайн добуш берүү механизми бул жолу дагы колдонулбайт. Расмий себеп – техникалык жана киберкоопсуздук маселелери.

Мыйзамдык база жана эл аралык байкоо
Шайлоо мыйзамдарына акыркы жылдары бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Анын ичинде:
- Шайлоого үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү;
- Жарандардын шайлоо укугун коргоо механизмдери;
- Көз карандысыз байкоочулардын укугу күчөтүлгөн.
БШК эл аралык байкоочуларды, анын ичинде ЕККУ, ШКУ, ТМД жана башка уюмдардын өкүлдөрүн чакырууда. Эл аралык байкоо — шайлоонун ачык-айкын жана мыйзамдуу өтүшүнүн бир индикатору.

Шайлоого канча каражат жумшалат?
БШКнын маалыматына караганда, шайлоону уюштурууга 700 миллион сомдон ашык каражат каралган. Анын ичинде:
- Шайлоо комиссияларын уюштуруу;
- Биометрикалык жана техникалык жабдууларды тейлөө;
- Кагаз жана логистика чыгымдары;
- Чет өлкөдөгү тилкелерди ачуу.
Бул шайлоо элдин жаңыча ойлонуу, жаңыча тандоо кылуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондуктан, коомдук ишенимди калыбына келтирүү үчүн шайлоонун таза, адилет жана мыйзамдуу өтүшү бир гана бийликтин эмес, бүтүндөй коомдун жоопкерчилигинде.
Шайлоо – жарандык аң-сезимдин көрсөткүчү
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоо бул жөн гана депутаттарды тандоо эмес, бул коомдун демократиялык потенциалына берилген баа. Шайлоо жараяны кандай өтөт элдин бийликке, системага болгон ишенимин аныктайт. Ар бир жарандын добушу өлкөнүн келечегин аныктаган курал. Бул шайлоо элдин өз келечегин өзү курууга мүмкүнчүлүгү бар экенин дагы бир ирет тастыкташы керек.