Кыргызстанда мопед айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк алууга милдеттендирүү сунушталууда

Кыргызстанда мопед айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк алууга милдеттендирүү сунушталууда

Кыргызстанда мопед айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк алууга милдеттендирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан башчысы Байгазы Айтикул уулу «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Айтикул уулунун айтымында, алар тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап, ал макулдашууга жөнөтүлдү.

«Скутер, мопед айдагандар көбүнчө жеткирүү кызматында иштейт. Алар унаалар жүргөн же адамдар баскан жолдо катуу ылдамдыкта айдап, аларга тоскоолдук жараткан учурлар кездешет. Буга чейин биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана чектелчүбүз. Эми биз мыйзам кабыл алып, аларга М категориясын ыйгарганы жатабыз. Алар М категориясын алуу үчүн кошумча окуп, сынак тапшырыш керек болот», — деди ал.

Байгазы Айтикул уулу мопед айдоочуларына айып салып, алар чыгаша болгондон кийин жоопкерчиликти сезе баштай турганын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>