Кыргызстанда ректорлордун эл аралык форуму өтөт

Кыргызстанда ректорлордун эл аралык форуму өтөт

Кыргызстанда ректорлордун эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 5-8-сентябрында Бишкек шаарында «Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу» аталышында жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрөт.

Иш-чарада илимий изилдөөлөр жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу жана университеттердин өз ара кызматташуусу боюнча маселелерди чечүү үчүн дүйнө жүзүнөн 200дөн ашуун университеттин өкүлдөрүн катышат.

Форумдун максаты – дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу, эл аралык деңгээлде кызматташуу тууралуу жогорку окуу жайлар аралык макулдашууларга кол коюуну демилгелөө.

Учурда курамына министрликтин өкүлдөрү жана республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору кирген уюштуруу комитети Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, Форумдун программасынын долбоору даярдалды жана чет өлкөлүк катышуучулардын тизмесин түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>