Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулар күч алууда. Мындан улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев элге кайрылып, оорунун биринчи белгилери байкалган маалда өз алдынча дарыланбай дарыгерлерге кайрылууга чакырды.
Министр белгилегендей, республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулду. Ал оорунун биринчи белгилери, мисалы, дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы же алсыздык пайда болгондо, өз алдынча дарыланбай, квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн дароо үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууну эскертти.
Министр ошондой эле төмөнкү эрежелерди сактоого чакырды:
— жайларды үзгүлтүксүз желдетип туруу;
— колду самын менен жуу;
— эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүүнү унутпаңыз;
— туура тамактануу жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз