Кыргызстанда соңку суткада 4 адам коронавирустан көз жумду

Кыргызстанда соңку суткада 4 адам коронавирустан көз жумду

Бир күндө 4 адам COVID-19 илдетинен каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Талас облусунда 1, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1 адам COVID-19 илдетинен каза болгон. 

Ошондой эле соңку суткада 535 адамдан илдет табылган. 
“Бишкек шаарында 151 адамдан, Ош шаарында 21, Чүй облусунда 104, Ош облусунда 75, Талас облусунда 20, Нарын облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 43, Жалал-Абад облусунда 67, Баткен облусунда 48 кишиден илдет табылды”, — деп айтылат штабдын маалыматында. 

Ошондой эле бир күндө 528 адам коронавирустан сакайган.  Муну менен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 61 309га жетсе, анын 52 343ү сакайган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1167ге жетти.   

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>