2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты
Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы башталды
02.08.2024 | 16:30
Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо биринчи операциясы башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Ал бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 14 жаштагы бейтапка жасалат. Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк чучугун алмаштырууга даярдалат.
Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат. Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом