Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Кыргызстанда таксилерге лицензия берилет
08.12.2021 | 12:44
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Документте башка нерселер менен катар жүргүнчүлөрдү ташуу ишин тартипке келтирүү максатында Ички иштер министрлигине лицензиялык функцияларды өткөрүп берүү менен жеңил автотранспорт, жүргүнчүлөрдү ташуу лицензиясы киргизиле тургандыгы белгиленген.
Ошондой эле президент Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаттык санын кошумча финансылык каражаттарды бөлүү менен көбөйтүүнү, аталган башкармалыктын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом