2025-жылдын 1-январынан тарта товарлар үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Бирок ЭТТК майлоочу майларды кошпогондо мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн жокко чыгарылбайт.
Ал эми дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн ЭТТК 2027-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө колдонулат.
Министрлер кабинети чыгарган чечимге ылайык, төмөнкү өзгөрүүлөр кирди:
- Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТК модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар эсептен чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт
- 2026-жылдын 1-апрелине чейин салык төлөөчүлөр алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн ЭТТК модулундагы документтерге маркалоо коддорун көрсөтүүдөн убактылуу бошотулат
- Патенттин негизиндеги иштин жаңы түрү киргизилди — бул базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес аянттарды соода иши үчүн ижарага берүү. Салыктын өлчөмү 1 чарчы метр үчүн белгиленген ставка боюнча эсептелет.
- 2025-жылдын 1-майынан тартып электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) товар жеткирилген күндөн тартып (калкка сатуу учурларын кошпогондо) 5 күндүн ичинде таризделиши керек. 0 %, 0,1 %, 0,5 % жана 1 % ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча иш жүргүзгөн, ошондой эле өзгөчө режимдеги зоналарда соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эми электрондук эсеп-фактуранын ордуна кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураны колдоно алышат.
- Электрондук эсеп-фактураны тариздөөчү салык төлөөчүлөр аларды кагаз түрүндө басып чыгарып, товарларды сатып алуу фактысын ырастоо үчүн сатып алуучуларга (Электрондук эсеп-фактура тутумуна катталбаган) берүүгө милдеттүү.
- 2025-жылдын 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр жөнөкөйлөштүрүлгөн эсеп-фактураны кагаз түрүндө тариздей алышат. Бул күндөн тартып электрондук-кагаз түрүндөгү эсеп-фактурага этап-этабы менен өтүү башталат.