Кыргызстанда турак жайга карата мунапыс жүргүзүү пландалууда

Кыргызстанда турак жайга карата мунапыс жүргүзүү пландалууда

Бүгүн, 21-февралда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууга алынды.

Талкуу маалында депутат Бахридин Шабазов мыйзамсыз курулган объектилерге карата жүргүзүлгөн көзөмөл иштери тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов маселени комплекстүү чечүү керектигин белгилеп, 2022-жылы 620 жазуу жүзүндөгү көрсөтмө берилгенин жана 19 миллион сомдук административдик айыптар салынганын маалымдады.

Депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги башаламан курулуштарды токтотуу зарылдыгын айтып, турак жайга карата мунапысты колдоорун билдирди. “Бардык көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугу текшерилиши керек”, — деди депутат.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Талант Иманкун уулу республика боюнча мыйзамсыз курулган 87 имарат бар экенин, анын 37си Бишкек шаарында жайгашканын айтты.

“Биз мунапыс мыйзамын даярдап жатабыз, ал талаптарга жооп бере турган объекттерди мыйзамдаштырылат. Ошол эле учурда мыйзам бир жолку мүнөзгө ээ болорун баса белгилей кетүү шарт”, — деди ал.

Андан тышкары, депутат Жаныбек Абиров баш аламан курулуш маселелерин чечүү механизмдери жоктугуна токтолсо, депутат Исхак Масалиев имараттын сейсмикалык коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга кызыкты. Баяндамачылар 250 миң сомдон 300 миң сомго чейин чыгаша болоорун белгилешти. Исхак Масалиев бардык курулган көп кабаттуу үйлөрдү башка мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерүү зарыл экенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>