Султанбаев: Бишкекте беш жылдыздуу мейманкана салынат

Султанбаев: Бишкекте беш жылдыздуу мейманкана салынат

Бишкекте 5 жылдыздуу мейманкана салынат, март айында президент анын пайдубалына капсула салат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун мурунку президенттер менен жолугушуусунун жышааны катары инвесторлор мейманкана салуу сунушу менен келе баштады.

«Президент Жапаровдун мурунку президенттердин башын кошуп, ынтымакка алып келгендигинин жыйынтыгы натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруганыбыз туура болчудай. Себеби өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат. Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири — бул өлкөдөгө туруктуулук. Алдыдагы март айында мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө», — деди ал.

Ошондой эле, ал чет элдик инвесторлорго кайрылып, Кыргызстанда мейманкана салгандарга жеңилдиктер бар экенин айтып өттү.

«Учурдан пайдаланып, дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге кайрылам.Келгиле, келип Кыргызстанга 5 жылдыздуу мейманканаларды салгыла. Мамлекет жерди бекер берет, бажы алымдарынан жеңилдиктер берилет, 3-5 жылга чейин салыктан бошотобуз», — деди ал.

Аталган маселе боюнча толук маалымат алуу үчүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрылууга болот:

Дареги: Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1.

Байланыш телефондору: +996 312 623 844, +996 312 300 284.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын 18-февралда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыя кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу болгонун ырастап, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан билдирген.

19-февралда ал жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаев үн катып, жолугушуу тууралуу учкай айтып өткөн.

21-февралда Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине Дубайдагы жолугушуу тууралуу маек куруп, анда Атамбаев менен Жээнбековду элдештиргени, жолугушууда эмнени сүйлөгөнү, Курманбек Бакиев тууралуу сөз болгон.

Андан кийин аталган жолугушуу тууралуу УКМК башчысы камчыбек Ташиев үн катты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>