Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыргызстанда тыюу салынган экстремиттик жана террористтик 21 уюм табылды
04.07.2019 | 17:27
Кыргызстанда тыюу салынган экстремиттик жана террористтик 21 уюм табылды. Бул тууралуу ИИМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул соттордун чечиминин негизинде аныкталганын диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча Ат-Башы районунда өткөн кеңешмеде белгилүү болгонун “Марал” жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкы башкармалыгынын адистери жергиликтүү тургундардын, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын кызматкерлери менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмеси:
- “Аль-Каида”;
- “Талибан”;
- “Чыгыш Түркестандын Ислам кыймылы”;
- “Конгра-Гель күрдү” элдик конгресси”;
- “Чыгыш Түркстан боштондук уюму”;
- “Хизбут ут-Тахрир-аль-Ислами”;
- “Жихад тобу” (Жихад Ислам союзу);
- “Өзбекстан Ислам кыймылы”
- Чиркөөлөрдүн бирикмеси (церковь Муна);
- “Жайшуль махди”;
- “Джундь-аль Халифат”;
- “Ансаруллох” (Ансарул Аллах);
- “Ат-Такфир Валь-Хиджра” (Ат-Такфир ва-л-Хиджра);
- “Акрамия”;
- Саид Бурятиянын үгүт-пропагандалык материалдары (Александр Тихомиров);
- “Ислам мамлекети” ;
- “Джабхат ан-Нусра”;
- “Катибат аль-Имам аль-Бухари”;
- “Жаннат ошиклари” (Поклонники рая);
- “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад”;
- “Йакын инкар”.
Рубрики: Жаңылыктар