Дон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болуудаКыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдөБишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз Сокулук районунан табылды
Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт
04.07.2019 | 18:02
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35,
Нарын аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9..14, күндүз 24…29,
5-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 16….18°C.
Рубрики: Жаңылыктар