Сокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдөМурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылдыМАР Кыргызстанда бала бакчаларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү үчүн кредит жана грант беретКыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат«Тест татаал түзүлгөн»: ЖК депуттары Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрүштүУлуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча камалды
Кыргызстанда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу өтөт
21.05.2021 | 11:56
Кыргызстандын коргоо министрлигинде Орусиянын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен штабынын өкүлдөрү менен “Рубеж-2021” аталышындагы машыгууну өткөрүү боюнча жолугушуу болуп өттү.
Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, биргелешкен машыгуу өткөрүү идеясынын негиздери, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин контингенттери, жетекчилик аппараттары, ыкчам топтору жана ар тараптуу колдоо маселелери талкууланган.
Машыгууну ушул жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын аймагында өткөрүү пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом