2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 3570 учур катталды. Мындай маалыматты 19-февралга карата Иммунопрофилактика борбору билдирди.
Анын ичинен: Бишкек шаарында – 1023, Чүй облусунда – 849, Жалал-Абад облусунда – 723, Ош облусунда – 552, Ош шаарында – 193, Баткен облусунда – 69, Ысык-Көл облусунда – 61, Нарын облусунда – 37.
Дарыгерлер ата-энелерди балдарын кызылчага каршы эмдөөгө чакырат. Оорулуулардын көбөйүшүнүн негизги себеби болуп балдар жана чоңдор арасында кызамык жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көп саны калууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз