Президенттин куттуктоосу: Мекен жүгүн тарткан аялдар дагы арбын

Президенттин куттуктоосу: Мекен жүгүн тарткан аялдар дагы арбын

Президент Садыр Жапаров Мекен коргоочуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Анын айтымында, 23-февраль — Ата Мекенге ак кызмат өтөп, кийинки муунга үлгү болгон уул-кыздарды даңазалооо күнү.

“Бул майрам бизге ата-бабаларыбыздан мураска калган Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо, аздектеп-сыйлоо милдетибизди эскертип турат. Анткени, мекенчил сезимин көкүрөгүнө уюткан ар бир жаран үчүн Ата Журтун коргоо – ыйык да, бийик да милдет, ары сыймыктуу кызмат!”, — дейт Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы мекен жүгүн бир гана эр-азаматтар эмес, кыз-келиндер да кошо тартышып келерин белгилейт.

“Аскерде кызмат кылып, армиянын жашоосуна баш-оту менен кирип, бардык кыйынчылыктарын кабагым-кашым дебей, берген антын бекем туткан аялзатынын өкүлдөрү арбын”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Тэги: мекен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>