Кыргызстан эгемендик алган 34 жыл ичинде жумушсуздуктун айынан алгач ички миграция пайда болсо, кийинчерээк иш издеген жарандар сыртка агылып кете баштаган. Ошондон бери өлкөдө тышкы миграциянын темпи абдан жогору болуп келди. Бул убакыт аралыгында ар бир төртүнчү кыргызстандык же кеминде миллион киши Россия, Казакстан, Түркия баштаган чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгып кеткен. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, акыркы жылдары Кыргызстан өзүнүн тарыхындагы жаңы миграциялык этапка өттү. Мурда өлкө негизинен өз жарандарынын четке иштегени менен таанылса, азыр тескерисинче, чет өлкөлүк эмгек мигранттары Кыргызстанга келе баштады. Башкача айтканда Кыргызстан иш берүүчүгө айланып, акырындык менен эмиграция өлкөсүнөн — иммиграция өлкөсүнө айланып баратат. Кезинде башкаларга иш бермек тургай, өзүнүн жарандарын иш менен камсыздай албаган мамлекет үчүн бул албетте жакшы көрүнүш. Эмне үчүн Кыргызстан эми “жумуш берүүчүгө” айланып баратат жана мигранттарды мыйзамдаштыруу өлкөгө кандай пайда деген суроонун айланасында бүгүн «Reporter.kg» бул ирет Кыргызстандагы миграция маселесине токтолот.
Кыргызстанда акыркы жылдары экономиканын өсүшү — курулушту жандандыруу, инфраструктураны өнүктүрүү, өндүрүштү кеңейтүү, айыл чарбасын жандандыруу жана тейлөө кызматтарын өркүндөтүү багытында ири иштер жүргүзүлүп жатат. Бул өз кезегинде ички миграцияга, жумуш ордун жаратууга жана чет мамлекеттерге кеткен эмгек мигранттарынын кайтып келишине шарт түзүүдө.
Учурда өлкөнүн ар бир аймагында — айыл-кыштактарга чейин — жолдор оңдолуп, социалдык жана өндүрүштүк объекттердин курулушу жүрүүдө. Жада калса, Баткендин алыскы Зардалы айылында да курулуш иштери жанданды. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор башталып, келечекте өлкөгө 5 млрд долларга чейин киреше алып келери айтылууда.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ички дүң продукция 9%га өстү. Мындай экономикалык секирик жумушчу күчкө болгон талапты күчөттү. Аймактардагы өнөр жайлар, кайра иштетүүчү завод-фабрикалар, тейлөө жана айыл чарба тармактары жүздөгөн бош жумуш орундарын сунуштап жатышат.
Ошондой эле Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн келгендердин саны артты. 2025-жылдын биринчи кварталында 3,6 миң адам келсе, 0,5 миң гана адам чыгып кеткен. Өзгөчө Бишкек, Ош жана Чүй облусу эң көп мигранттарды тартууда. Бул ички инфраструктуранын жана экономиканын жакшырып жатканынан кабар берет.
Өлкө жетекчилиги тарабынан өз кезегинде өзгөчө басым «өз үйүндө иштөө» концепциясына жасалууда. «Дарак бир жерден көгөрөт» деген макалга таянып, мекендештерди сыртка чыгып иштебестен, Кыргызстанда эмгектенүүгө чакырык ташталууда. Айрыкча курулуш, тейлөө жана жеңил өнөр жайда чоң мүмкүнчүлүктөр жана бош орундар бар.
Бирок, ошол эле учурда Кыргызстан чет элдик мыйзамсыз мигранттар чогулган борборго айланып баратканы сыр эмес. Жыл башынан бери өлкөгө 100дөн ашуун мамлекеттен 61 миң турист, 30 миң студент жана 12 миң эмгек мигранты келген. Арасында 5 миңге жакыны мыйзамсыз иштеп жүргөндөр экени маалым болгон.
Өкмөт тарабынан бул көйгөйдү чечүүгө багытталган ири масштабдагы “Нелегал” операциясы башталды. 2025-жылдын 10-июнунан баштап, мыйзам бузгандар текшерилип, өлкөдөн чыгарылууда. Бул тууралуу эскертүүнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алдын-ала эскерткен.
Мындан улам:
• Эмгек визасын берүү «Электрондук виза» порталы аркылуу жүргүзүлүүдө;
• Айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлдү (20 000 сомго чейин);
• Чакыруу берген тараптардын жоопкерчилиги күчөтүлдү;
• ИИМге кошумча 280 млн сом бөлүнүп, мыйзам бузгандарга каршы чаралар көрүлүүдө.
Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо үчүн учурда эле активдүү болуу керек. Өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу – жарандык милдет. Ал эми өсүп-өнүгүүнү сырттан эмес, өз жерибизден баштоо — баарыбыздын жоопкерчилигибиз.
Эмнеге эмгек мигранттары Кыргызстанды тандоодо? Тейлөө, курулуш жана айыл чарба секторлорунда жетиштүү кадрлар жетишпейт. Жергиликтүү тургундар бул тармактарда аз иштегендиктен, бош орундарды Өзбекстан, Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттар толтурууда.
Буга кошумча, Өзбекстан менен визасыз каттам — Кыргызстанды Борбор Азияда салыштырмалуу жеткиликтүү эмгек багыты катары артыкчылыгын арттырат. Муну менен катар, саясий абалдын стабилдүүлүгү, тынч жана эркин коом мигранттарды өзүнө тартууда.
Ошондой эле Кыргызстан Борбор Азиядагы эркин сөз, жарандык активдүүлүк жана ишкердик шарттары жагынан өзгөчөлөнөт.
Индия, Бангладеш, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттар ресторан, дүкөн, IT кызматтарын ачып, салыктарды төлөп жатышат. Тейлөө жана курулуш тармагы өнүгөт. Кафе-ресторан, саламаттык сактоо жана унаа оңдоо тармагында чет элдик жумушчу күчтөрдүн үлүшү өсүүдө.
Легалдаштыруу эмне берет? Кыргызстандагы миграция системасы дале толук жөнгө салынган эмес. Көптөгөн чет элдиктер мыйзамсыз иштейт, бул бюджетке зыян жана социалдык коргоо системасынын жабыркашына алып келет.
Легалдаштыруу төмөнкүдөй пайда берет:
— Мамлекеттик кирешелер өсөт
— Эгер мигранттар салык төлөп баштаса, бюджетке туруктуу акча түшүп турат.
— Социалдык коопсуздук камсыздалат
-Иш берүүчүлөр мыйзамдуу негизде иштей алат
— Документтери бар адамдар мыйзам менен корголуп, кылмыштарга аралашуу тобокелдиги азаят.
Медалдын эки бети бар демекчи, мигранттардын көбөйүшүнүн оң жактары канчалык көп болсо, терс жактары да ошончо. Мисалы, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык инфраструктурага жүктү көбөйтөт жана жергиликтүү тургундар арасында жумушка атаандаштык күчөшү ыктымал.
Кыргызстан бул тармакта азыр чечкиндүү кадамдарга муктаж. Болбосо “кара эмгек рыногу” тереңдеп, социалдык теңсиздик күчөшү ыктымал.