Тажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталдыКыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдөЖурналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланат
Кыргызстандан кайсы мушкерлер Азия оюндарына катышат? Тизме
24.08.2023 | 13:25
Быйыл Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандын бокс боюнча курамасынан кайсы мушкерлер барары белгилүү болду.
Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, Азия оюндарына Кыргызстандан 7 мушкер барат.
“Азия оюндары Париждеги Олимпиада оюндарына тандоо болуп саналат. Ар бир салмак категория боюнча финалга чыккандарга жолдомо берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Кураманын тизмеси:
Нуржигит Дүйшөбаев – 51 кг
Мунарбек Сейитбек уулу – 57 кг
Асхат Култаев – 63,5 кг чейин
Нурадин Рустамбек уулу – 71 кг
Өмүрбек Бекжигит уулу – 80 кг
Эркин Адылбек уулу – 92 кг
Ооматбек Элчоро уулу – 92 кг жогору
Машыктыруучулар: Данияр Төлөгөн уулу, Улан Сагынбаев жана Аскат Абаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом