Кыргызстандык 17,1 миң студент чет мамлекеттерде билим алат

Кыргызстандык 17,1 миң студент чет мамлекеттерде билим алат

Дүйнөдө 2023-жылдын 1-январына карата чет жерде билим алган студенттердин саны 6 млн 859,4 миң адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги жазды.

ЮНЕСКОнун Статистика институтунун маалыматы боюнча, бир жыл ичинде чет жакка окуганы кеткен студенттердин саны 419 миң адамга көбөйгөн.

Борбор Азия боюнча карай турган болсок, чет өлкөлүк окуу жайларда билим алган жарандарынын саны боюнча Өзбекстан алдыда турат. Алардын саны 150,5 миң кишиге жетет. Казакстандын 78,3 миң, Түркмөнстандын 60,9 миң, Тажикстандын 32,5 миң жана Кыргызстандын 17,1 миң жараны чет мамлекеттерде окуйт.

Ошол эле учурда Өзбекстан чет жакта билим алган студенттеринин саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт. Сап башында Кытай турат: коңшу мамлекеттин 1 млн 52,3 миң жараны чет өлкөлүк окуу жайларда окуйт. Үчүнчү орунда Индия жайгашкан: 621,6 миң студент.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>