БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кыргызстандык альпинист дүйнөдөгү эң бийик жанар тоого чыкты
31.01.2025 | 09:20
Кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов Чилиде жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо Охос-дел-Саладого чыкканын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал жанар тоонун башында калпак кийгени жана Кыргызстандын туусун кармап турганы тартылган сүрөтүн жарыялады.
Ал жанар тоонун башына 29-январда Чили убактысы боюнча 11:28де чыккан. Маматкаимов буга чейин Охос-дел-Саладого чыккан кыргызстандык боло электигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Охос-дел-Саладо жанар тоосунун бийиктиги 6893 метрге жетет. Ал дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо гана эмес, Түштүк Америкада бийиктиги боюнча экинчи орунда турган чоку болуп саналат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом