ЖКнын тармактык комитети президенттик шайлоонун датасын өзгөртүүнү жактырды1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар 20%га көтөрүлөт — бирок баарына бирдей эмесЧет өлкөдө иштеген жарандар үчүн пенсиялык камсыздандыруу системасы жеткиликтүү болдуӨлкөдө болуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат — Министрлер кабинети«Бишкек Арена» стадиону 386 млн долларга курулганы айтылдыКыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча фонд түзүлөт
Бир катар ишкер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды
31.01.2025 | 09:57
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, экономиканы өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкер “Даңк” медалы, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” наамы жана Ардак грамота менен сыйланды.
“Даңк” медалын алгандар:
- Абдурахимов Равшан Хамрабаевич – “Салих ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, уюштуруучусу, Аламүдүн району, Чүй облусу;
- Майлиева Шайлоогүл Дуйшоновна – “Прод Импекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары;
- Малабаева Нургүл Маликовна – “Ак-Куу” ачык акционердик коомунун башкы директору, Сокулук району, Чүй облусу;
- Маматов Акылбек Абдимуктарович – “Альфа Ойл” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
- Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич – “АЛАЙКУ Органикс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкармасынын төрагасы, уюштуруучусу, Кара-Суу району, Ош облусу;
- Кадыров Сүйүндук Кадырович – “Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;
- Осмонбаев Азамат Рахимжанович – “Альфа” майэкстракция заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” наамы менен сыйлангандар:
- Абдрахманов Нурбек Омурбековичке – “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Панфилов району, Чүй облусу;
- Акимжанова Рысгүл Абдыманаповнага – “Бай Элим Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
- Акунбеков Эрлист Абакировичке – “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
- Гайворонский Денис Васильевичке – “Куликовский” кондитердик үйү” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
- Орумбаев Мырзабек Турганбаевичке – “Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;
- Үкүбаев Туратбек Галияровичке – “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алгандар:
- Дехтярев Павел Викторович – “Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;
- Кочергин Павел Геннадьевич – “Умай Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;
- Маматов Кудретилла Абдилазизович – “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык коммерциялык кооперативинин башкы директору, Бишкек шаары;
- “КОКА-КОЛА БИШКЕК БОТТЛЕРС” жабык акционердик коому.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом