Кубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болдуЫсык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылатАйыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалуудаКыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндү
Кыргызстандык альпинист дүйнөдөгү эң бийик жанар тоого чыкты
31.01.2025 | 09:20
Кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов Чилиде жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо Охос-дел-Саладого чыкканын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал жанар тоонун башында калпак кийгени жана Кыргызстандын туусун кармап турганы тартылган сүрөтүн жарыялады.
Ал жанар тоонун башына 29-январда Чили убактысы боюнча 11:28де чыккан. Маматкаимов буга чейин Охос-дел-Саладого чыккан кыргызстандык боло электигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Охос-дел-Саладо жанар тоосунун бийиктиги 6893 метрге жетет. Ал дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо гана эмес, Түштүк Америкада бийиктиги боюнча экинчи орунда турган чоку болуп саналат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом