Кыргызстандык балбандар Түркияда өтүүчү эл аралык турнирге катышууда – тизме
24-февралда Түркияда эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan арасында эл аралык рейтингдик турнир башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.
Бул турнирге Кыргызстандан 17 спортчу катышат.
Спорттук иш-чара 24-27-февралга чейин уланат.
Кыргызстандык мушкерлердин графиги:
24 февраль:
63 кг – Дастан Кадыров, грек-рим күрөшү
67 кг – Сулайманов Кала, грек-рим күрөшү
25 февраль:
62 кг – Тыныбекова Айсулуу, кыз-келиндер күрөшү
68 кг – Жуманазарова Мээрим, кыз-келиндер күрөшү
76 кг – Медет кызы Айпери, кыз-келиндер күрөшү
72 кг – Конурбаев Бекжан, грек-рим
72 кг – Икрамов Сүймөн, грек-рим
26-февраль:
125 кг – Жаппуев Музафар, эркин күрөш
27-февраль:
57 кг – Сманбеков Алмаз, эркин күрөш
61 кг – Жолдошбеков Улукбек, эркин күрөш
65 кг – Хаджимурадов Икромжон, эркин күрөш
70 кг – Акматалиев Эрназар, эркин күрөш
74 кг – Исламбек Орозбеков, эркин күрөш
79 кг – Будажапов Арсалан, эркин күрөш
86 кг – Нуртилек Карыпбаев, эркин күрөш
86 кг – Усупов Саякбай, эркин күрөш
92 кг – Чыныбеков Мирлан, эркин күрөш.