Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Кыргызстандык бийчилер Испанияда өткөн турнирде жеңүүчү болушту
11.04.2023 | 13:14
Кыргызстандык бийчилер Испаниянын Камбрильс шаарында жыл сайын өтүүчү WDSF Open Taken Place бал бийи боюнча турниринде алтын медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.
Жаштар, Латина категориясында Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 24 жуптун ичинен биринчи орунду ээлешти.
Мелдешке Италия, Германия, Испания, Украина, Франция жана башка мамлекеттердин спортчулары катышты. Турнир Дүйнөлүк спорт бий федерациясынын колдоосу астында өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз