Жуманазарова Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты (видео)

Жуманазарова Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты (видео)

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Астана өтүп жаткан Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты.

Ал бүгүн, 11-апрелде таймашка чыгып, беттешти чейрек финалдан баштады. Биринчи кармашында кореялык Минжи Ха менен күрөштү. Жуманазарова беттештин биринчи бөлүгүндө 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Буга чейин Айпери Медет кызы (76 кг) жарым финалга чыккан.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги Астана шаарында өтүүдө. Ал 9-апрелде башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат.

Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар болуп өтүп, Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын байге, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, ал эми Роман Ким (130 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль тагынды.

Бүгүн, 11-апрелде Азия биринчилигинин алкагында кыз-келиндер арасында мелдештер башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>