Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Астана өтүп жаткан Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты.

Ал бүгүн, 11-апрелде килем үстүнө чыгып, таймашты чейрек финалдан баштады. Биринчи кармашында ал индиялык Прия Прия менен күрөштү. Айпери Медет кызы беттештин биринчи бөлүгүндө 1 мүнөткө жетпеген убакытта атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги Астана шаарында өтүүдө. Ал 9-апрелде башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат.

Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар болуп өтүп, Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын байге, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, ал эми Роман Ким (130 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль тагынды.

Бүгүн, 11-апрелде Азия биринчилигинин алкагында кыз-келиндер арасында мелдештер башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>