Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатынан байгелүү кайтышты
Бишкектеги күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бокс боюнча Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, чемпионат 2005-2006-жылы туулган жаштар жана 2007-2008-жылы туулган уландар арасында өттү. Ошентип, 80 кг салмак категориясында жарым финалдык беттеште КРнын чемпиону Мухаммед Дурсунов өзбекстандык атаандашына утулуп, коло медалдын ээси болду.
– 63 кг салмак боюнча 2023-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон Ахмади Арваз чейрек финалда Индиядан келген спортчуну утуп, финалга чыгуу үчүн 5:0 эсебинде ирандыкты жеңип, финалда түркмөнстандык спортчуга жеңилип, күмүш медалга ээ болгон.
– 66 кг салмакта 2023-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон Рамазан Исаев чейрек финалда ирактык атаандашын утуп, финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык боксчуга утулуп, коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 21-октябрынан 3-ноябрына чейин Астана шаарында (Казакстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн спортчулар катышты.
[image_carousel source=”media: 201192,201193,201190″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз