Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатынан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатынан байгелүү кайтышты

Бишкектеги күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бокс боюнча Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, чемпионат 2005-2006-жылы туулган жаштар жана 2007-2008-жылы туулган уландар арасында өттү. Ошентип, 80 кг салмак категориясында жарым финалдык беттеште КРнын чемпиону Мухаммед Дурсунов өзбекстандык атаандашына утулуп, коло медалдын ээси болду.

— 63 кг салмак боюнча 2023-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон Ахмади Арваз чейрек финалда Индиядан келген спортчуну утуп, финалга чыгуу үчүн 5:0 эсебинде ирандыкты жеңип, финалда түркмөнстандык спортчуга жеңилип, күмүш медалга ээ болгон.

— 66 кг салмакта 2023-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон Рамазан Исаев чейрек финалда ирактык атаандашын утуп, финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык боксчуга утулуп, коло медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 21-октябрынан 3-ноябрына чейин Астана шаарында (Казакстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн спортчулар катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>